Нарын шаарында реконструкциядан өткөн автобекет пайдаланууга берилди

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетти пайдаланууга берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, автобекеттин капиталдык оңдоо долбоору президенттин Иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 53 млн сом бөлүнгөн.

Автобекеттин ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган. Мындай шарттар тейлөө кызматын жакшыртат деп күтүлүүдө.

Өз кезегинде УКМК төрагасы элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, шарт түзүү жана тейлөө башкы максат экенин белгилеп, заман талабына жооп берген шарттары бар бул сыяктуу автобекет айрым аймактарда жок экенин кошумчалады. Андыктан Ташиев жаңы объекттерди сарамжалдуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Связанный пост