Нарын шаарына кире бериштеги көпүрө оңдолууда
Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталды.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, көпүрө Жаңы-Жол – Нарын айланма жолунун 0,4 чакырымында жайгкашкан.
Ушу тапта №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдогу аң-чөнөктөр жамоо жумуштары аткарылууда.
Жакынкы күндөрү тийиштүү адистер көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка ылайык технологиялар менен иштер аткарылат.
Кошумча маалымат берилет.