Нарын шаарына атайын техника жана автобустар тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды.
Минкаб башчысы Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн алынган жаңы атайын техниканын, ошондой автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 атайын багыттагы техникаларды сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык бүгүнкү күндө 11 автобус жана 10 атайын техниканын ачкычтары тапшырылды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаарынын транспорт жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү максатында президенттин турукташтыруу фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 млн сом каражат, анын ичинен 230 млн сом атайын техникага бөлүнгөн.
Өз кезегинде минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев техникалар шаар үчүн узак жылдар кызмат кылуусу үчүн аяр мамиле кылууга чакырды.