Нарын облусунда жер титирөө катталды

 Нарын облусунда жер титирөө катталды
Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-борбору маалымдады.
Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 24-январда саат 8:39да Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти.
Жер титирөө Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга (Жерге-Тал айылынан 12 чакырым, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост