Нарын облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
![Нарын облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/06/zemlyatryasenie-850x560.jpg)
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.