Нарын облусунда китепканаларга мониторинг жүргүзүлдү

 Нарын облусунда китепканаларга мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан мониторинг Нарын облусунда өттү.
Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова баштаган жумушчу топ Нарын облусундагы китепканаларды жеринен таанышып чыкты.
Мындай иштер айылдык китепканаларды заман талабына дал келтирүү үчүн ишке ашырылууда.
Учурда Нарын облусу боюнча жалпы 129 китепкана бар. Анын ичинде 1 облустук, 5 райондук, 1 шаардык китепкана бар.
Жалпы облус боюнча китеп фондусу 1 058 020 түзөт.
Жаңы окурмандын саны жыл ичинде облус боюнча-128 188 түзсө, келип кеткен окурмандар 892 226 адам.
Бүгүнкү күндө
Ак-Талаа районунда 19 китепкана бар. 1 райондук жана райондук китепкана базасында балдар бөлүмү, ошондой эле, 17 айылдык китепкана.
Ат-Башы району боюнча 21 китепкана бар
1 райондук, райондук китепкананын базасында балдар бөлүмү жана 19 айылдык китепкана бар.
Жумгал району боюнча 20 китепкана бар.
1 райондук, райондук китепкананын базасында балдар бөлүмү айылдык китепканалардын саны 18ди түзөт.
Кочкор району боюнча 30 китепкана бар. Райондук китепкана , 1 балдар китепканасы айылдык 28 китепкана бар.
Нарын району боюнча 34 китепкана бар. 1 райондук, 33 айылдык китепкана.
Ал эми китканалардын көбүнүн имараттары эскилиги жеткен.

Связанный пост