Нарын облусуна жыл башынан бери 379,3 млн сом каржыланды
Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 379,3 млн сом каржыланган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бюджеттер аралык трансферттер:
1. Теңдөөчү трансферт – 279,4 млн сом;
2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 23,0 млн сом;
3. Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга –37,0 млн сом;
4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5,7 млн сом;
5. Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 34,2 млн сом.