Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүнө жаңы имарат курулат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары 2 күндөн бери Нарын облусун кыдырып, элдин көйгөйлүү маселелери менен жеринде кабар алууда.

 

Кечээ, 16-октябрда Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунда болгон эл өкүлдөрү бүгүн Нарын шаарындагы № 10-Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин жана Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имаратын көрүштү.

Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин имараты учурунда соода-сатык кылуучу дүкөн катарында салынып, 1992-жылдан тарта элдин суроо-талабы менен билим берүү мекемесинин имаратына ылайыкталып мектеп катары пайдаланыла баштаган. Мектептин сыйымдуулугу 350 балага ылайыкталган. Бүгүнкү күндө мектепте 2 смен менен 1096 окуучу билим алат. Мектеп имараты талаптарга жооп бербейт. Ашкана, спорт зал, жыйындар залы жок.

Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган мектептин 550 орундуу жаңы имаратынын курулушун республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине киргизип, каражат бөлүп берүү жагы сунушталды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев буюрса мектептин курулушу 2023-жылдын планына киргизилээрин, эмдиги жылы мектеп курулуп, пайдаланууга берилип калаарын убада кылды.

Ошондой эле депутаттарга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн талаптарга жооп бербей жаткандыгы, капиталдык ремонт зарылдыгы билдирилип, артындагы токтоп калган курулуш обьектиси көрсөтүлдү. Жогорку Кеңештин төрагасы төрөт бөлүмүнө жаңы имарат зарыл экендигин айтып, бул иш колго алынаарын билдирди. Ошондой эле мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасын дагы жогорулатуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары: Нурбек Сыдыгалиев (төраганын орун басары), Улан Бакасов, Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Мурадил Сыдыков, Кубанычбек Самаков, Жылдыз Таалайбек кызы жана Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов, министрликтердин өкүлдөрү жана башка кызматкерлер коштоп жүрдү.

Иш сапар Ак-Талаа районунда улантылууда.

Связанный пост