Нарын Аскер комиссариатында акча талап кылуу фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен Т.М.О.нун иш бөлмөсүнөн табылды жана документтештирди.

Бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка орношуу үчүн, Кыргыз Республикасынын А.Э.М. аттуу жаранынан, кармалган Т.М.О. тарабынан 120 миң сом акча талап кылуу фактысы аныкталган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост