“Нарын” аэропорту жакында ачылат

Жакында “Нарын” аэропортунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жумушчу комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды. Иш-сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.

 

“Бул аэропорт алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон советтик мезгилден бери узак тарыхка ээ. СССР тарагандан кийин анын активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калган”, – деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, “Нарын” аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө. Жакында аэропорттун расмий ачылышы пландалууда.

Связанный пост