“Нарын” аэропорту бүгүн расмий ачылат

 “Нарын” аэропорту бүгүн расмий ачылат

95 жылдык тарыхы бар “Нарын” аэропорту бүгүн расмий ачылат.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы аба майдандын инфраструктурасын, учуп-конуу тилкесин жана коопсуздук системаларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырды. Анткени аэропорт СССР тарагандан кийин анын активдүүлүгү төмөндөп, модернизацияга муктаж болуп калган.

Белгилей кетсек, “Нарын” аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Учурда аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу аркылуу өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланары күтүлүүдө. Аэропорттун ишин калыбына келтирилиши ички туризмди, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестицияларды тартуу үчүн жаңы дем берет.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдиргендей, оңдоп-түзөөдөн өткөн Нарын облустук аэропортунун расмий ачылышын утурлай Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы узап кеткен аптада Бишкек-Нарын багытында алгачкы ирет жүргүнчүлөрдү ташыды.

Эске салсак, “Нарын” аэропортунун тарыхы 1930-жылдары Салкын-Төр айылында биринчи конуу талаасы пайда болгондо башталган. Заманбап аэробекет имараты 1964-жылы, ал эми учуп-конуу тилкеси жана перрон 1974-жылы курулган.

Связанный пост