МЖӨ борборунун инвестициясы 434 млрд сомдон ашты
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели 90дон ашык долбоорду камтып, жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 434 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 65 долбоор активдүү ишке ашыруу баскычында турат. Өткөн жылы транспорт, логистика, айыл чарба, экология жана калдыктарды башкаруу, туризм, билим берүү жана коммуникациялар тармактарында 14 жаңы макулдашууга кол коюлуп, өлкө экономикасына 3,9 млрд АКШ долларынан ашык жеке инвестиция тартылды.
2025-жылда “Төө-Ашуу” ашуусу аркылуу өтүүчү “Келечек” альтернативдүү акы төлөнүүчү тоннелин (Бишкек–Ош автоунаа жолу) куруу жана пайдалануу”, “Трансевразиялык маршрут” долбоорун ишке ашыруу”, “Бишкек шаарынын чыгыш айланма унаа жолун куруу жана пайдалануу”, “Кара-Суу шаарында соода-логистикалык борборду куруу жана башкаруу” долбоорлоруна кол коюлган.
Ошондой эле аймактык инфраструктураны жана саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого багытталган долбоорлор ишке ашты. Алардын ичинде Ош шаарындагы “Булак” спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси, Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында түзүлгөн U Nexus Hub инновациялык борбору, Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору бар.
Мындан тышкары, былтыр МЖӨ борбору менен Евразия өнүктүрүү банкынын биргелешкен демилгеси аркылуу МЖӨ академиясы түзүлдү.