Мюнхенде өткөн кыргыз-герман ишкерлер кеңешинде айыл чарба жана чийки зат тармагында кызматташууну кеңейтүү талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Мюнхен шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн өзгөчө климаттык шарттарын белгиледи.

“Агрардык сектордун потенциалын толук ачуу үчүн биз заманбап технологияларды жана методдорду киргизүүбүз керек жана бул багытта биз Германияны ишенимдүү өнөктөш катары көрөбүз”, — деди МинКаб Төрагасы.

Ал Германиянын агрономия, тамак-ашты кайра иштетүү жана туруктуу айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери Кыргызстан үчүн маанилүү жардам боло аларын белгиледи.

“ВСП+ режиминин иштеши биздин айыл чарба продукцияларын Европа Биримдигинин рынокторуна экспорттоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана биз өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берген биргелешкен долбоорлорду түзүүгө ачыкпыз”, — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы чийки зат тармагындагы кызматташуунун потенциалына өзгөчө көңүл бурду.

“Кыргызстан жаратылыш ресурстарына, анын ичинде минералдарга, металлдарга жана асыл таштарга, сейрек кездешүүчү металлдарга бай. Биз жакында эле ири титаномагниттик Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү баштадык, ал өлкөнүн тоо-кен тармагындагы маанилүү этап болуп калат”, — деди ал.

Акылбек Жапаров герман өнөктөштөрү менен Кыргызстандын ресурстарынын кошумча наркын олуттуу жогорулатууга жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү чийки затты иштетүү жана кайра иштетүү жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.

“Биз инвесторлор үчүн ачык-айкын жана жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө умтулабыз, бул биздин кызматташуубузду мүмкүн болушунча натыйжалуу кылат”, — деп белгиледи ал.

Өз кезегинде эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү кыргызстандык өндүрүүчүлөр сапаттуу продукцияны сунуштоого даяр экенин айтышса, ал эми германиялык компаниялар керектүү технологияларды жана тажрыйбаларды бере аларын белгилешти.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши эки өлкөнүн айыл чарба жана чийки зат тармагындагы мындан аркы кызматташуусунун келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоочу аянтча болуп, жаңы долбоорлорго жана бекем өнөктөштүк мамилелерге негиз түзүүдө. Кеңешке катышкандар биргелешкен күч-аракеттер эки тарап үчүн олуттуу ийгиликтерге жана өз ара пайдалуу натыйжаларга алып келерине ишене тургандыгын билдиришти.

Связанный пост