Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 101-107 км бөлүгүнө кар көчкү түштү

 Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 101-107 км бөлүгүнө кар көчкү түштү
Бүгүн 21-март күнү кечки саат 18:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 101-107 км бөлүгүнө кар көчкү түшүп, №26 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкүнүн көлөмү такталууда.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда көчкүлөр улам-улам түшүүдө. Ошол себептен коопсуздук үчүн унаа жолго чыкпай турууну сунуштайбыз. Каттам бар. Жол кызматкерлери көчкүлөрдү тынымсыз тазалоодо.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен бул унаа жол 10 000 м3 кар көчкүдөн тазаланган.

Связанный пост