Мыйзамсыз миграция жүргүзүүгө аракет кылган чет элдиктер кармалды

Чүй облусунда мамлекеттик органдардын жасалма сайттары аркылуу жасалма визаларды колдонуу менен мекендештеринин мыйзамсыз миграциясын уюштурган чет элдик жарандардын кылмыштуу тобу кармалды.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 24-январында чет элдик жарандар өлкөгө мыйзамсыз миграция жүргүзүү үчүн визалык документтерди бурмалап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Чүй облусунун ИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Алар чет элдик 1991-жылы туулган М.Х, 1996-жылы туулган З.У. 2004-жылы туулган М.Т. аттуу жарандар болуп чыккан. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө чет элдик жарандар М.Х., З.У. жана М.Т. 2023-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалган электрондук порталдары аркылуу акча үчүн республиканын аймагына визалык документтерди (белгиленген формадагы Кыргыз Республикасынын расмий визаларына окшош) жасалмалоо жолу менен өздөрүнүн мекендештерин жана башка чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз миграцияга уюштурушкан.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген мигранттар тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп, көз каранды абалга келип, эмгек эксплуатациясына дуушар болуп, жогоруда аталган жарандарга кошумча киреше алып келген.
Кармалгандардын 70тен ашык мыйзамсыз миграцияга катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
“Урматтуу жарандар, визаларды каттоонун жана берүүнүн расмий булагы https://www.evisa.e-gov.kg сайты экенин билдиребиз. Буга байланыштуу жалган маалымат берген же акча талап кылган шектүү сайттарды колдонуудан оолак болууну суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.