Мыйзамсыз менчиктештирилген Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жери мамлекетке кайтарылды

 Мыйзамсыз менчиктештирилген Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жери мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Тергөө учурунда, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Связанный пост