Мыйзамсыз кумар оюндары аныкталып, үч шектүү кармалды

Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелген жарандар кармалды . Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча ыкчам маалымат алышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө “А.” аттуу жаран бир күндүк батирлерди ижарага алып, мыйзамсыз түрдө “Рэйк” деп аталган кумар оюндарын уюштуруп жүргөнү аныкталган. Ал оюнга катышкан жарандардан 5% өлчөмүндө киреше алып турган.
Жыйналган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (“Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу”) боюнча кылмыш иши козголду.
ИИМдин ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында оюн өткөрүлгөн жай жана ага тиешеси бар адамдар аныкталды. Натыйжада О.А., Р.Т. жана Ж.К. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен аларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.
Азыркы тапта бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.