Мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш иши козголду

Ош областынын Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.