Мыйзамсыз аңчылыкка салына турган айыптын өлчөмү көбөйтүлдү

 Мыйзамсыз аңчылыкка салына турган айыптын өлчөмү көбөйтүлдү

Мыйзамсыз аңчылыкка салына турган айыптын өлчөмү көбөйтүлдү. Ошондой эле браконьер тууралуу маалымат берген адам өндүрүлгөн сумманын 50%ын алат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

 

Анын айтымында, жан-жаныбарларды коргоо максатында министрлер кабинети токтомго толуктоолорду киргизди. Анда атууга тыюу салынган жан-жаныбарларга аңчылык кылгандарга айыптын өлчөмү көбөйтүлдү.

 

“Мисалы, ак илбирсти аткандарга салынган айыптын көлөмү мурда 1,5 млн сом болсо, эми 2 млн сомго жогорулады. Аркар-кулжа, аюу, жейрен жана маралга аңчылык кылсаң 1,5 млн сом айып салынат. Мурда 1 млн сом болчу. Ал эми тоо эчкини аткандарга чегерилген айып 100 миң сом болчу, азыр 300 миң сомго көбөйдү. Эликке аңчылык кылгандар 100 миң сом айыпка жыгылат. Айып төлөбөгөндөр кылмыш жообуна тартылып, жазаланат”, – деди ал.

 

Токтомго киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамсыз аңчылык кылган фактылар боюнча маалымат бергендерге сый акы берилет. Аларга браконьерден өндүрүлгөн айып пулдун 50%ы берилет. Маалыматты ачык жана жашыруун түрдө берсе болот. Жашыруун маалымат бергендердин купуялуулугу сыр болуп сакталат.

 

Белгилей кетсек, токтомго толуктоолор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан сунушталган.

Связанный пост