Муратбек Азымбакиев Малайзиянын Борбордук банкынын Төрагасынын орун басары Аднан Зайнали менен жолугушту

 Муратбек Азымбакиев Малайзиянын Борбордук банкынын Төрагасынын орун басары Аднан Зайнали менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев кыргыз делегациясынын Куала-Лумпур (Малайзия) шаарындагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышуусунун алкагында Малайзиянын Борбордук банкынын Төрагасынын орун басары Аднан Зайнали менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк чөйрөсүндөгү кыргыз-малайзия кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле мурда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Малайзиянын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумун жаңылоону талкуулашты.

 

Аны менен бирге ислам банкинги жаатында кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргызстанда малайзиялык банктардын филиалдарын жана корреспонденттик эсептерин ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Связанный пост