Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду
![Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/1329377.1.1473820462.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.