Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга “улуттук” макамы ыйгарылды

 Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга “улуттук” макамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров “Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген макам ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

 

Маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

 

1. Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген макам ыйгарылсын жана мындан ары “Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы” деп аталсын.

 

2. Министрлер кабинети өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Связанный пост