Мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого 2024-жылы бюджеттен 672 млн сом бөлүндү

2024-жылы өлкөдө мугалимдерге ноутбук менен камсыздоого мамлекттик бюджеттен 672 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу программасы” жыйынында белгилүү болду.
Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу “Алтын Казык” программасынын алкагында мугалимдер акысыз ноутбук менен камсыздалды.
Ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулуп, ноутбуктарга “Санарип кампа” “Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилди.