Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман бир туугандарым.

Чын жүрөктөн Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул майрам — ыйманды, рухту тазалоо, жакшылыкка, биримдикке жана тынчтыкка болгон чакырык. Орозо айы – бул Алла Тааланын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруу учуру. Бул убакыт бизге бир күндүк жашоонун кымбат экендигин, өтүп кеткен ар бир мүнөттүн баалуу экенин эскертет. Орозо – бул дене эмес, жүрөк менен болгон ишенимди, рухка кам көрүү, дүйнөгө болгон көз карашты өзгөртүү мезгили.

Биз, кыргыз эли, каныбызда бир туугандык, элибизге болгон сүйүү, элдин тынчтыгын сактоо жана жалпы коомго кызмат кылуу сезимдери терең тамыр алган элбиз. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биз ар бирибиз өзүбүзгө жана өлкөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого, биримдикте, ынтымакта болууга тийишпиз.

Элдин келечеги – жаш муундардын тарбиясына, билимине, туура багыт алышына байланыштуу. Балдарды жакшы тарбиялап, аларга ыйман, адеп жана татыктуу билим берүү – биздин кийинки муунга берер эң чоң белегибиз. Балдар – коомубуздун келечеги, алардын тарбиясы биздин келечегибизди түзөт. Ошондуктан, ар бирибиз балдарга көңүл буруп, аларга мыкты билим берүү, жакшы адепти үйрөтүү менен келечегин курабыз. Ошондо биздин өлкөбүздө карылар, балдар үйлөрү болбойт.

Биздин өлкөбүздүн негиздери – тынчтык, ынтымак жана элдин биримдиги. Кыргыз өлкөсү – ар бир адамдын укуктарын сыйлай турган, ар түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жашаган өлкө. Биздин өлкөдө зордук-зомбулукка, жарандарга терс мамиле кылууга орун жок. Бул чыныгы мусулмандын сыпаты эмес. Элибиздин ынтымагы жана тынчтыгы биздин эң чоң байлыгыбыз. Ошондуктан, биз бирдикте, бир туугандыкта жашашыбыз кажет. Биздин күчүбүз – биримдикте, жакшы тилектерде жана бир бүтүн болууда.

Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн. Бүгүн, биз ар бирибиз өзүбүздү кайрадан карап, жакшылыкка умтулууга, коомдогу маанилүү маселелерге көңүл буруп, рационалдуу анализдөөгө тийишпиз. Биздин өлкөбүзгө тынчтык, элдешүү жана биримдик керек. Ар бирибиз бул жолдо өз салымыбызды кошо алабыз.

Орозо Айт майрамы – жүрөктөрдү тазалоо, Алла Тааланы тынымсыз эстөө жана адамгерчиликтүү жашоого чакыруучу ыйык күн. Биз өз ара сый-урмат менен, ыйман жана адеп-ахлак менен жашап, өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө салым кошушубуз керек. Биз бүгүн таарынычтарды жоюп, бири-бирибиздн үйүбүзгө айттап барып, өз ара ынтымагыбызды бекемдейли.

Алла Таала ар бирибиздин тилектерибизди, орозолорубузду жана ооз ачырууларыбызды кабылдасын. Биздин өлкөбүзгө тынчтык, биримдик, жакшылык жана өнүгүп-өркүндөө боло берсин.

Орозо Айт майрамыңыздар куттуу болсун!

Связанный пост