МСК: Товарларды маркалоо системасында чектөөлөр болот

 МСК: Товарларды маркалоо системасында чектөөлөр болот

Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 11-июндан 15-июнга чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде товарларды маркалоо системасынын айрым сервистерин колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Тышкы маркалоо

  • Товар жүгүртүүнүн катышуучулары үчүн Маркалоо коддорун заказ кылуу модулун (МКЗМ) колдонуу мүмкүнчүлүгү 2026-жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин чектелет.

Ички маркалоо

  • Товарларды маркалоонун Мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына (ТМ МАМС ) жетүү мүмкүнчүлүгү товар жүгүртүүнүн катышуучулары үчүн 2026-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин убактылуу жеткиликсиз болот.

Ушуга байланыштуу товар жүгүртүүнүн катышуучуларына өз ишмердүүлүгүн пландаштырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү алдын ала эске алуу, зарыл болгон маркалоо коддорун өз убагында заказ кылуу жана техникалык иштер башталганга чейин системадагы операцияларды аяктоо сунушталат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тартып маркалануучу товарларды маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору болуп “Альфа Телеком” ЖАКтын ордуна “Учкун” ААК аныкталган.

Оператордун функцияларын өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды маркалоо системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган зарыл техникалык иш-чаралар жүргүзүлөт.

Алар маалыматтарды миграциялоону жана маркалоо коддорун эмиссиялоо параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт.

Белгилей кетсек, маркалоо системасынын операторунун алмашуусу маркалоо коддорун алуу тартибине таасирин тийгизбейт.

Бардык операциялар мурдагыдай эле интернет-ресурстар аркылуу жүргүзүлөт: ички маркалоо үчүн — teksher.kg, тышкы маркалоо үчүн — label.teksher.kg.

Связанный пост