Өлкө боюнча 53 мектеп инновациялык стандартка өткөрүлөт
Быйыл өлкө боюнча жалпы 53 инновациялык мектептин базасы толук жаңыланат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бул иштердин алкагында Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде инфраструктураны модернизациялоо жана имаратты инновациялык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери башталды.
Тактап айтканда, заманбап STEM-кабинеттеринин эски терезелерин демонтаждоо, дубалдарды тегиздөө жана полдорду иретке келтирүү аракеттери көрүлүп жатат.
Инновациялык мектептерди модернизациялоодо негизги көңүл окуучулардын сапаттуу билим алуусуна зарыл болгон төмөнкү багыттарга бурулат. Атап айтканда, STEM-кабинеттери (так жана табигый илимдер үчүн заманбап лабораториялар), китепканалар, спорт залдар жана эмгекке үйрөтүү кабинеттери түзулөт.
Ошондой эле санитардык түйүндөр майыптыгы бар окуучулардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып курулат, айрым мектептердин чатырлары, сырткы жасалгасы жана жылытуу системалары толук жаңыртылат.
Министрликтен билдиришкендей, бул масштабдуу иштер окуучулар үчүн коопсуз, заманбап жана эл аралык талаптарга жооп берген сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.