МСК менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды
Контрабандалык товарларды легалдаштырууга багытталган коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качуу максатында өлкө аймагына тиешелүү товардык документтерин жасалмалоо жолу менен ташылып келген товарларды легалдаштыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Алсак, “толкачтар” деп аталган жосунсуз ишкердик субъектилери салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлошүп алышып, ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн ташылып келинген контрабандалык товарларды легалдаштыруу боюнча мыйзамсыз канал уюштургандыгы аныкталды.
Алынган маалыматтарга ылайык, кылмыштуу топ Кыргызстандын аймагына импорттолгон кымбат-баалуу экзотикалык жемиштерди (памела, манго, маракуя, көк карагат, апельсин) каттоо учурунда – тиешелүү документтерин жасалмалап, товардык аттарын өзгөртүп жөнөкөй алма катары көрсөтүшкөн.
Ошондой эле Чүй облусунда жайгашкан “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынын ЕАЭБ товарларын эсепке алуунун чек ара жанындагы пункттары аркылуу товарлардын көлөмүн төмөндөтүү менен алектенишкен. Андан соң алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу деп көрсөтүү максатында салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жүк түшүрүүчү жайга барышып, товарлардын импорттук документтерге туура келүүсүн текшерүү үчүн жасалма текшерүү протоколдорун колдонушкан.
Бул аракеттери менен мамлекеттик кызмат адамдары акчалай сый акыларын алып, андан соң контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөн.
2025-жылдын 28-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары А.Т., К.А., Н.Б., А.А. жана КР жарандары А.Ч. (Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкери), “А.Б.” кармалып, соттун чечими менен каммак алынды.
Учурда УКМК тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо жана кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча иш-аракеттер уланууда.