МРТнын ишке киришинин урматына Улуттук госпиталда 3 күн акысыз диагностика жүргүзүлөт
Болгону 3 күн, 2023-жылдын 22-24-ноябрында МРТнын ишке киришинин урматына Улуттук госпиталда акысыз диагностика жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Акысыз диагностикага жазылуу үчүн:
• ҮДТ/ҮМБнын дарыгеринин жолдомосу;
• Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө ач карын баруу керек.
Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт.
Кабыл алууга төмөнкү телефон аркылуу жазылсаңыз болот: 0 709 90 55 11. Нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы Эрмекова Салия Кулназаровна.