Москвада “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли көрсөтүлдү
Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде жазылган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган мюзикл “Москва” концерттик залында көрсөтүлдү.
Иш-чарада аталган спектакль кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасын сактоого жана жайылтууга багытталганын жана Кыргызстанда Ч.Айтматовдун жылы деп жарыяланган 2028-жылы улуу жазуучунун 100 жылдыгын кеңири белгилөөнүн алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы экендиги белгиленди.
Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Москвада жашаган мекендештер, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, россиялык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана белгилүү маданият жана искусство ишмерлери катышты.