Москвада КМШ өлкөлөрүнүн “Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианы өнүктүрүү” Медиафоруму өттү

 Москвада КМШ өлкөлөрүнүн “Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианы өнүктүрүү” Медиафоруму өттү
1- ноябрда Москвада КМШ өлкөлөрүнүн “Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианы өнүктүрүү” Медиафоруму өттү.
Иш-чара Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен “Россия сегодня” эл аралык медиа тобу тарабынан уюштурулду.
Медиафорумда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Эл аралык журналистиканын келечеги” аттуу Пленардык жыйында дүйнөлүк маалыматтык жана коомдук-саясий мейкиндикте жалган маалыматтар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал маалыматтык коомдун заманбап шарттарында дүйнөдө маалыматтык чабуулдардын активдешүүсү менен фейктер жана такталбаган маалыматтар, тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын жана жалпы эле дүйнөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрү мамлекеттеринде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында анык эмес (жалган) маалыматтар менен күрөшүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу боюнча өз күчтөрүн биргелешип топтоо керектигин айтты.
Бул Медиафорум учурдагы медиа чөйрөнү талдоо, келечекти болжолдоо жана медиа тармагын өнүктүрүү тобокелдиктерине каршы туруу механизмдерин иштеп чыгуу, КМШ өлкөлөрүндөгү медиалардын эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болду.
Талкууларга саясаттын, ЖМКнын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле актуалдуу темаларга тематикалык сессиялар өткөрүлүп, эксперттер Жасалма медиа интеллекттин келечегин, жалпы каналдарды жүргүзүүнүн натыйжалуу стратегияларын, шериктештиктин орус тилдүү ЖМКларын өнүктүрүүнү, ошондой эле санариптик доордо профилдик факультеттердин студенттерин даярдоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Связанный пост