Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форуму өттү

Бүгүн, 24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.

Связанный пост