Москвада өткөрүлгөн КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду

 Москвада өткөрүлгөн КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду

Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.

Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер:

– Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндөгү макулдашуу;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандум;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2025–2026-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

– Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө.

Связанный пост