Москва районунда дыйкандар сабизден эң жогорку түшүм алышты

Москва районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын дыйкандары быйылкы жылдын сабиз жыйноо кампаниясында жогорку көрсөткүчкө жетишип, рекорд коюшту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 73 тоннаны түзүп, айрым аянттарда 91 тоннага чейин жетти. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.
Мындай жыйынтыкка дыйкандар сапаттуу үрөн, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу жана жер семирткичтерди туура пайдалануу аркылуу жетишти. Ошондой эле Айыл чарба министрлиги тарабынан методикалык жана техникалык жактан көрсөтүлгөн колдоо да чоң роль ойноду.
Учурда жыйналган түшүмдүн басымдуу бөлүгү ички рынокко жана кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлүүдө. Калган бөлүгү коңшу мамлекеттерге экспортко чыгаруу пландалууда.
Дыйкандар белгилешкендей, быйылгы жылдагы аба ырайынын ыңгайлуулугу жана сугат суусунун жеткиликтүүлүгү да түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түздү.