Минскте КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү балдардын укуктарын талкуулашты

13-ноябрында Беларустун Минск шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын VI отуруму өттү.

Ага комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын кызматкерлери, КМШнын Аткаруу комитети катышты.

Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эң актуалдуу темалардын бири – мыйзам менен кагылышкан жашы жете электер менен иштөө боюнча баяндама жасады. Ал комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргызстанда бул багытта көрүлүп жаткан чаралар, атап айтканда, биринчи жолу анча оор эмес укук бузуу жасаган баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн чыгаруу жөнүндө маалымат берди.

Мыйзам менен кагылышкан балдар менен иштөөдө ресоциализациялоо жана коомго ийгиликтүү интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү өтө маанилүү экени белгиленди. Ошондой эле отурумдун алкагында кайыр сураган жана тентип жүргөн балдардын көйгөйлөрү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, жетим балдарды үй-бүлөлүк түргө жайгаштырууну өнүктүрүү маселелери, балдардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу жана башка маселелер талкууланды.

Связанный пост