Минкабта акимдердин жана мэрлердин 2024-жылы аткарган иш-аракеттерине карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары угулду

“Ынтымак Ордодо” өткөн Президенттик Администрациянын коллегиясынын отурумунда, Кыгрыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары –Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев райондук мамлекеттик администрациялардын жана облустук маанидеги шаарлардын 2024-жылы аткарган иш-аракеттерине карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары туурасында кыскача баяндама жасады.

Баяндамачы Президент тарабынан акимдерди республиканын түндүк-түштүк принциби менен дайындоо чечими коомчулук жана жергиликтүү жарандар тарабынан колдоо тапканын белгилеп, 2024-жылы республика боюнча жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа аймактарда алгачкы ийгиликтүү жыйынтыктарын бере баштаганын, Аймактык реформаны жүргүзүүгө Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана акимдер чоң салым кошушканын кошумчалады.

“Жалпысынан облустар боюнча алып караганда 2024-жыл ийгиликтүү жылдардын бири болду. Ар кандай тармактагы жүздөн ашык өнөр жай ишкана ишке киргизилди.  Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы бардык облустарда камсыз кылынып, инвестиция тартуу, айыл чарба жана башка тармактарда өсүштөр байкалды. Мониторингдин жыйынтыгында кээбир акимдер, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары чечкиндүү кадамдарды жасап, ийгиликтүү иштеп жатышканын белгилеп кетким келет”-деди Азамат Кадыралиев.

Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев жетишкендиктер менен катар бир катар кемчиликтер да аныкталганына токтолду. Алсак, айрым облустар жана райондор республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды өз убагында өздөштүрө албагандыгы, жергиликтүү бюджетти өздөштүрбөстөн мамлекеттен дотация алуу практикасы көпчүлүк айыл өкмөттөр үчүн көнүмүш адатка айланганы, айрым жетекчилер билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун жана социалдык коргоонун сапатынын төмөндүгүнө тийиштүү деңгээлде көңүл бурбаганы, айрым акимдер жерлерди трансформациялоо боюнча жана башка өзүнүн  түздөн-түз функционалдык милдеттерине кирген маселелерди орун басарларына жүктөп жоопкерчиликтен качканы, көп жылдан бери бир кызматта отурган акимдердин жана шаар мэрлеринин орун басарлары өз функционалдык милдетин аткарууда жаңыча ойлонбой, күнүмдүк аткаруучулук жумуштар менен гана алектенишкени мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болгон.

Связанный пост