МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Жолугушууда тараптар жакында эле эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилөө менен жаңы ишке ашырыла турган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин эске алабыз. Мамлекеттик жана жеке ишканалары менен транспорт, энергетика,  тоо-кен, айыл чарба жана логистика тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырам. Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылык берет”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууда негизинен, кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Бедел-Учтурфан” унаа жолун куруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Ошондой эле, “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу жана модернизациялоо эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берээри айтылды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен СУАРдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 12 млрд долларды түзгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы Сары-Жаз дарыясына ГЭС куруу маселеси айтылды. Кыргызстандагы энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерге токтолгон Бакыт Төрөбаев, мамлекеттин жана жеке сектордун аракети менен 50гө жакын чакан ГЭСтердин курулушу башталганын кошумчалады.

Ошондой эле, Кашкарда түз почта алмашуу жүргүзүлө турган “Кыргыз почтасынын” кеңсесинин ачылышы айтылды.

Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, “КЭРдин СУАР аймагы чоң аймактардын бири. Өзгөчө “Бедел” бекетин ачууга кытай тарап даяр. Өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайбыз жана бекеттин сапаттуу салынышына салым кошууга даяр”, – деди.

Ошондой эле, Ма Синжуй кыргыз студенттеринин СУАРда окуусуна квотаны көбөйтүү, туризм тармагында виза маселесин жана гуманитардык тармагындагы эки тараптуу кызматташууларды кеңейтүү маселелерине токтолду.

Белгилей кетсек,  ККП БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй ушул жылы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген жана анын арты эки тараптуу кызматташуунун активдешине салым кошулду.

Связанный пост