МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз делегациясын жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жакында эле эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды алдыга жылдыруу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде  СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер дагы тереңдеп бекемделээрине ишеним артаарын кошумчалады.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуусу жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот.

Связанный пост