МинКаб төрагасы: Жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары Президенттин демилгеси менен Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

 МинКаб төрагасы: Жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары Президенттин демилгеси менен Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештеги жыйында Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди.

“Үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. Ага 3,1 млрд сом бөлүндү. Ал эми 2024-жылдын 1-октябрына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2021-жылы – 111 миңди түзсө, 2024-жылдын 1-октябрына карата – 76,4 миң үй-бүлөнү түздү, муну менен 34,6 миң үй-бүлөгө төмөндөдү.

МинКаб Төрагасы ошондой эле, мамлекет тарабынан бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдар жеке ассистенттин кызматы менен камсыз болгонун, ал ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 23%га жогорулаганын билдирди.

“Президентибиз “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатат. 2024-жылдын 1-июнунан тартып ар бир томолой жетим балдар үчүн 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди”, – деди ал.

Связанный пост