МинКаб Төрагасы: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

 МинКаб Төрагасы: Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзулүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты.

“Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматтар санариптик форматта реалдуу ишке кирди. Түндүктүн мобилдик тиркемелери, справкалар, санариптик документтер, банктардын тиркемелери, каттоо, электрондук нотариат кеңири кирди. Ал гана ңмес электрондук документтерди телефондон көрүүгө болот”, – деди Акылбек Жапаров.

МинКаб Төрагасы санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болоорун кошумчалады.

Связанный пост