МинКаб Төрагасы Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасын кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелердин жана улуттук стратегиялык документтердин негизинде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизатка каршы күрөшүү программасынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатында тең салмактуу иш алып барат.
Өз кезегинде, Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневский, Кыргыз Республикасы мыйзамсыз баңгизаттарына суроо-талапты азайтуу, аларды мыйзамсыз жеткирүү жана зыянды азайтуу боюнча жетишээрлик натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар “өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну арттыруу” боюнча макулдашууга жетишти.