Минкаб төрагасы Бишкектеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды.
Анда президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы тарабынан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан бул “Ынтымак” турак жай комплексинде 18, 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй курулат. Андагы 6 970 батирдин жалпы аянты 603 534 чарчы метр. Ал эми, унаа токтотуучу жайлардын саны 3 852, коммерциялык жайлардын аянты 32 606 чарчы метр. Курулуш иштери төрт этаптан турат.
Курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылып жатканын, калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, мындай иштер үй алууга кезекке турган Кыргызстандын жарандарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатканын айтып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Кошумчалай кетсек, учурда мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 млн чарчы метр.