Минкаб Төрагасы Бишкек шаарындагы маданий жайларды кыдырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы маданий жайларды кыдырды.

Минкаб башчысы эрте мененки кыдырууну Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынан баштады. Акылбек Жапаров учурда реконструкциядан өтүп жаткан театрдын имаратынын сырты начар абалда экендигин белгиледи. Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы театрдын ичинде гана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзбөстөн, сырткы көрүнүшүнө жана анын айланасына дагы көңүл бурууну тапшырды.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы М.Фрунзе атындагы көчө менен А. Осмонов атындагы Улуттук китепканага чейин жөө басып өтүп, анда мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуш жүргүзүү жана көрктөндүрүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Акылбек Жапаров долбоордун маанилүүлүгүн белгилөө менен жеңүүчү компания көптөгөн факторлорду, анын ичинде борбордук Ала-Тоо аянтына жакын жайгашканын эске алышы керектигин кошумчалады.

“Эң негизгиси имараттын сапаты жана анын бардык коопсуздук талаптарга жооп бериши. Борбордук Ала-Тоо аянты жана ага жакын жайгашкан бардык имараттар бирдиктүү композицияны түзүшү керек, бул борбор шаарыбыздын көркү”, – деп белгилеген Министрлер Кабинетинин башчысы, долбоор узак мөөнөттүү курулуш болуп калбашы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы борбордун маданий жайларын текшерүү учурунда шаардын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларына баа берип, алардын начар абалда экендигин белгиледи.

“Бул чуңкурларды карагылачы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, коляска менен жүргөн энелер кантип басат. Баарын ирээтке келтиргиле, адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү керек”, – деп белгилеген Министрлер Кабинетинин Төрагасы, борбор калаанын мэрине Бишкек шаарындагы жөө адамдар өтүүчү тротуарларды оңдоо боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Связанный пост