Минкаб төрагасы баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер тоого чыгышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттин администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына жөө жүрүшкө чыкты.
Иш-чара сергек жашоого үндөө, мамлекеттик кызматкерлердин арасында командалык маанайды бекемдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө көңүл буруу максатында уюштурулду.
Жөө жүрүштө Адылбек Касымалиев активдүү эс алуунун баалуулуктарын жайылтууда жетекчилердин жеке үлгүсү маанилүү экенин белгиледи. Жөө жүрүшкө катышкандар парктын корголуучу аймагынын инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышып, өлкөнүн жаратылыш мурастарын кылдаттык менен башкарууга байланышкан маселелерди талкуулашты.