МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоорду ишке ашырууга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоорду ишке ашырууга катышты.

МинКаб Төрагасы республика табигый кырсыктардын, анын ичинде жер титирөөлөрдүн, суу ташкындарынын жана жер көчкүлөрдүн басымдуу аймагында жайгашканын эске алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин тиешелүү атайын техникалар менен жабдуу артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

“2017-жылы Өзгөндө катуу жер көчкү жүрүп, 20дан ашуун адам каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мамлекет тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, аталган аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу дагы деле сакталууда. Айрым тургундарды көчүрдүк, бирок бул жерден кеткиси келбегендер дагы бар. Өлкө Президентинин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү жүрүү коркунучу бар деп эсептелген 46 жерди аныктады. Алардын 10у Өзгөндө жайгашкан жана жер көчкүдөн коргоо боюнча инженердик долбоорго киргизилген. Бүгүн биз жер көчкүдөн коргоо боюнча биринчи инженердик долбоорду ишке киргизебиз. Бул чараларга бардыгы болуп 3,3 млрд сом бөлүнөт. Эң негизгиси, долбоор табигый физикалык-геологиялык шарттарды кылдат изилдөөнүн жана аналитикалык эсептөөлөрдүн негизинде даярдалды”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Ал ошондой эле жер көчкүгө каршы курулуш иштерине байланыштуу, аталган аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү зарылдыгын, ал эми көчүрүүгө байланыштуу чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөөрүн белгиледи.

“Мамлекеттин милдети – адамдардын, өзгөчө кооптуу климаттык шарттарда жашагандардын коопсуздугун камсыздоо. Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү биздин өлкөгө дагы таасирин тийгизип жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Бийик тоолордогу мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында нымдуулук көтөрүлүп, тоолорубуз туруктуулугун жоготуп, жылып жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери өлкө көп жер көчкүлөрдү башынан өткөрдү. Алардын 18зи калктуу конуштарга түшүп, анын кесепетинен 236 жаран каза болгон, 277 турак жай жана 7 социалдык объект кыйрап калган. Министрлер кабинетинин Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте көрүп жаткан бүгүнкү чаралары мындай аймактарда жашоо коркунучун кыйла азайтат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост