Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, өнөр жай, транспорт-логистика, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүү боюнча пикир алышты.

 

Мындан тышкары, өкмөт башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына ушул жылдын май айында болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

 

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылган аймактар аралык кызматташтыктын алдыдагы иш-чараларына, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылган аймактар аралык кызматташтыктын алдыдагы иш-чараларына, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

 

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген МинКаб Төрагасы Россия Өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын аймагында 9 жалпы орто мектебин куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу Жогорку Кеңештин үч окуусунан өткөнүн жана Президенттин кол коюусуна даярдалып жатканы тууралуу билдирди.

 

Бул багытта Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында 9 жалпы орто билим берүү мектептин курулушун баштоо зарылдыгы ырасталды.

 

Билим берүү темасын улай, Акылбек Жапаров М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку Экономика мектебинин филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз-Россия агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачууну сунуштады.

 

Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин атынан салам жолдоду жана жылуу каалоо-тилектерин айтты.

 

“Биздин өкмөттөрдүн милдети – үстүбүздөгү жылдын 7-9-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында биздин лидерлер ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну камсыз кылуу. Январь-апрель айларында өз ара сооданын көлөмү 16 пайызга өсүп, дээрлик 85 млрд рублду же 92 млрд сомдон ашуун көлөмдү түздү. Биз бул деңгээлди мындан ары дагы көтөрөбүз”, – деди Михаил Мишустин.

 

Жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде активдүү байланыштарды улантууга макулдашышты.

Связанный пост