МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Президенти менен болгон жолугушууга катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу үчүн келген өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
Жолугушуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана делегация башчыларынын куттуктоосу менен башталды.
Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жолдоду.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, соода-экономикалык мамилелерди жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө маселелерин кеңири талкуулашты.