Адылбек Касымалиев Ош облусундагы бала бакчалардын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Нариман айылындагы жана Кара-Суу шаарынын Тельман айылындагы бала бакчалардын ачылыш аземине катышты.

Нариман айылындагы бала бакча 120 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы башталган.

Ал эми Тельман айылындагы бала бакча 140 орунга ылайыкташкан. Анын курулушу да 2023-жылы башталган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мектепке чейинки жаңы мекемелерди көрүп чыгып, балдар кандай шарттарда билим ала тургандыгы менен таанышты.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, айылдарда бала бакчалардын ачылышы балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуудагы негизги кадам болуп саналат.

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда балдардын эрте өнүгүүсүн камсыздоо боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакчалардын ачылышы облустун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Биз ар бир балага кичинекей кезинен тарта өз дараметин ишке ашырууга шарт түзгөн чөйрөнү түзүүгө умтулабыз”, – деди ал.

Связанный пост