Минкаб төрагасы Өзгөндө бир катар объекттердин ачылышына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы бир катар социалдык объекттердин жана заводдун ачылышына катышты
Алгач минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн шаарындагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кеңейтилип, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, жаңыланган “Айчүрөк” кинотеатрынын ачылыш аземине катышты.
“Маданият – элдин руханий негизи. Аны өнүктүрүү аркылуу гана биз келечектеги сапаттуу муундарды түптөй алабыз. Ошондуктан Өзгөн шаарынын элине жана конокторуна заманбап кинотеатрды ишке берүү бүгүнкү заманыбыздын талабы болууда. Өзгөн шаарындагы өзгөрүүлөр “Айчүрөк” кинотеатрынын жаңыланып ачылышы менен чектелбейт. Шаарда таза суу жана агынды суу системалары жаңыдан курулуп жатат. Мындан сырткары борбордук стадион курулууда. Шаардын жолдору дагы жаңыланып асфальт төшөлөт”, — деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, 1974-жылы курулган бул кинотеатрдын имараты капиталдык ремонтко жана заманбап техникалык жабдууларга муктаж болуп келген. Оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун, облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 38 млн сом каржыланды. Кинотеатр жалпы 350дөн ашуун орунга ылайыктуу.
Андан соң минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы 60 орундуу 3 кабаттуу жаңы оорукананын ачылыш аземине катышты. Курулуш иштери 2023-жылдын жай мезгилинде башталган оорукана бүгүн салтанаттуу пайдаланууга берилди.
“Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – бул оорукананын жергиликтүү элге жакын болгону. Министрлер Кабинети тарабынан аралыктары 100 чакырым болгон аймактатарда бирден хирургия операциясын жасаганга жабдуусу, хирург врачы бар оорукана уюштуруу керек деген максат коюлган. Андан алыс болгондо оорулуу адам убагында жеткирилбей анын өмүрүн сактап калуу ыктымалы азаят. Биз ушул максатка жетүү үчүн улам бир жаңы кадам жасап жатабыз”, — деп белгилеген Адылбек Касымалиев, мамлекет саламаттык сактоо чөйрөсүндө материалдык-техникалык база менен бирге дарыгерлер да жетиштүү болуп, алардын квалификациясы жогору болуусуна кам көрүп жатканын кошумчалады.
“Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга жетиштүү көңүл бурулуп, медициналык окуу жайларындагы окуунун сапаты кыйла жакшырганын канааттануу менен белгилеп кетем. Ден соолугу бекем эл — күчтүү мамлекеттин тиреги. Бул оорукана жергиликтүү элге жакын жерден сапаттуу дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүп, жашоо сапатын жогорулатууга салым кошот”, — деди ал.
Белгилей кетсек, оорукананы курууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 132 млн сом каржыланып, 21 млн сомго заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды.
Мындан тышкары, минкаб төрагасы Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы кыш чыгаруучу заводдун ачылышына катышты. Белгилей кетсек, бул завод үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 128 ишкананын бири.
“Ар бир жаран үйлүү болсо, деген президенттин асыл тилегин ишке ашыруу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көтөрдүк. Анын алкагында бир катар көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”, – деди Адылбек Касымалиев.
Ишкананы курууга “Иман Билдинг” ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланды. Жалпы аянты 5,0 гектар жерге курулган заводдон күнүнө 120 миңдей сапаттуу кыш чыгарылып, мында жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.