Минкаб төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан Өзбекстандын лидерине жылуу саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.
Тараптар кыргыз-өзбек достук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушууда энергетика жана транспорт коммуникациялары тармагындагы ири аймактык долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Атап айтканда, Камбар-Ата 1 ГЭСи жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле быйыл өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны менен Өлкөлөрдүн аймак башчыларынын кеңешин жогорку деңгээлде өткөрүүнүн мааниси баса белгиленди.