МинКаб Төрагасы өлкө ичинде мунай продуктулары менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи.
Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын ички базардын керектөөлөрүнө шайкештиги боюнча маалымат берилди.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы баа түзүүгө көзөмөлдү күчөтүүгө жана стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.